Ахмад абад шаарында жардыруулардан 38 адам набыт болду, жуздөн ашык адам жарадар. Ишембиде шаардын ар кай жеринде, оорукана жана базарларда коюлган бомбалар жарылып, бир сааттын ичинде 17 жолу жардыруу болду. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти Индиядагы анча таанымал эмес «Индия муджахиддин» деп аталган топ алууда. Андан мурда Индиянын Бангалор шаарында дагы катары менен жардыруулар болуп, бир адам өлүп, жетөө жарадар болгон.