Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

07:40 И. Кадырбековду колдогон демилгечилер тобу бүгүн алдыдагы иш планын талкуулайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” демилгелүү топтун лидери Асыл Жаманова билдирди. Буга чейин Ишенбай Кадырбековду колдоо тобу аны камактан бошотуу өтүнүчү менен президент Курманбек Бакиевге жана Акыйкатчыга кайрылуу жолдошуп, 27-июлга чейин бошотулбаса ар кандай нааразылык акцияларын баштай тургандыктарын билдиришкен. Алар бүгүн чогулушуп, мындан ары кандай иш чараларды көрүшөрүн тактай тургандыктарын кабарлаган Асыл Жаманова, анын өзүн дагы шаардык прокуратура бүгүн саат тогузга чакырганын кошумчалады. Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылып, май айында камакка алынган. (AJ)

XS
SM
MD
LG