Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

АКШ жанкечтилердин соңку жардырууларын айыптап, ирактыктарды сабырдуулукка чакырды


Ирактын Багдад жана Киркук шаарларында жанкечтилердин бүгүнкү жардырууларынан кеминде 47 адам өлүп, 200гө жакыны жаракат алды. 25 адам Багдаддагы, 22 киши Киркуктагы жарылуу учурунда каза тапты. Полициянын маалыматына караганда, Багдаддын Каррада районунда шийит зыяратчылары арасындагы жардырууну эки аял жанкечти ишке ашырган. Шийит зыяратчылары шаардын түндүгүн көздөй Каддмия деген ыйык жерди, күмбөздү көздөй бара жаткан эле. Ал эми Киркуктагы жарылуу он миңдеген адам топтолгон демонстрация учурунда болду. Демонстранттар жергиликтүү шайлоонун жол-жобосун караганда мыйзамдар топтомуна нааразылык билдирип чыгышкан болчу.

АКШдан Ак үйдүн өкүлү, Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин маалымат катчысы Гордон Жондро ирактыктарды бүгүнкү жардырууларга сабырдуулук менен жооп берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG