Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Түркияда бийликтеги партиянын иши сотто карала баштады, аны утурлай он жети адамдын өмүрүн алган эки жарылуу болду


Өлкөнүн Конституциялык соту бүгүн бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясын таратуу керекпи же жокпу деген маселени кароону баштады. Премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган, президент Абдула Гүлдүн партиясы өлкөнүн Конституциясында бекитилген секулярдык принциптерди бузганы үчүн айыпталууда.

Сот жараяны башталардан бир нече саат алдындагы эки жарылуу Стамбулда болуп, андан кеминде 17 адам каза тапты, 154 киши жаракат алды. Стамбулдун губернатору Муаммер Гүлөр окуяны "террордук акт" деп мүнөздөдү. Жардыруунун артында ким турганы азырынча белгисиз.
НАТО, АКШ жана Еврошаркет Түркияга колдоо убада кылып, Стамбулдагы эки жардырууну "карасанатай" терракт катары айыпташты.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жардыруудан жапа чеккендер арасында Кыргызстандандын Стамбулдагы жарандары жок экенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG