Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

11:45 Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелиги талаш жаратты


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Тышкы иштер министрлигине нота жолдоп, анда Бишкек мэриясынын “Хаят Ридженси Бишкек” мейманканасын курчаган тосмону бузгандыгына каршылыгын билдирди. Муну менен мэрия “Хаят” мейманканасынын менчигине зыян келтирди жана мыйзамдарды көзгө илбеген кадамга барды деп белгиледи. Нотаны териштирген Бишкек мэриясы мындай чечимге Бүбүсара Бейшеналиеванын тосмонун ичинде калган эстелигине бара албай калган тургундардын жана Акыйкатчынын кайрылууларынын негизинде баргандыгын расмий түрдө билдирди. Андан тышкары эстеликке баруучу жол ачык болсун деген өкмөт токтомун мейманканага ээлик кылган “Италкир” ишканасы мурда эскертилгендигине карабай аткарбай келгендигин белгилеп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр экендигин билдирди. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги болсо нота тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере албасын “Азаттыкка” билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG