Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

18:28 Жалалабат облусунда күйдүргү илдетин жуктурду деп шектелген адамдар ооруканага жаткырылды


Ала-Бука районунда оорулуу малды союп алган Сейитбеков аттуу киши сибирь жарасы жугушу мүмкүн деген шек менен 28-июлда ооруканага жаткырылган. Анын үч шеригине оорунун алдын алуучу дары-дармектер берилүүдө. Медициналык 7 кызматкерден турган дарыгерлер тобу айыл калкынын ден-соолугуна көзөмөл салууда. Сузак райондук ооруканасына Барпы айыл өкмөтүнүн Жаныбеков жана Мунсуров аттуу эки киши күйдүргү илдетине чалдыгышы ыктымал деген диагноз менен жаткырылды. Аларда оорунун белгилери 26- жана 27-июлдарда пайда болгон. Буга дейре Сузак жана Ноокен райондорунда сибирь жарасын жуктургандыкта шектелип 39 адам кайрылып, 31 кишинин күйдүргү болгону аныкталган, бир киши оорудан көз жумган болчу. (YA)

XS
SM
MD
LG