Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Т.БООБЕКОВА: ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА РЕЖИССЕРУБУЗ ЖОГОРУ БААЛАНДЫ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кыргызстандык театр өнөрпоздору жакында эле Орусиянын Екатеринбург шаарындагы эл аралык жаңы муундагы драматургия театралдык фестивалына катышып келишти. Ошол фестиваль тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Турган Бообекова жооп берди.

- Жакында эле сиз Орусиянын Екатеринбург шаарындагы эл аралык жаңы муундагы драматургия театралдык фестивалына катышып келипсиздер. Мына ошол фестиваль тууралуу жана ага кайсы спектакль менен катышканыңыздарды айтып кетсеңиз?

- Биз ушул жылдын 14-июнунан 24-июнуна чейин Екатеринбург шаарында өткөрүлгөн бүгүнкү учурдагы драматургиялык абал жөнүндөгү театралдык эл аралык фестивалына бардык. Ага Николай Колизанын спекталинин негизинде редакцияланган “Кымбатым” деген өзүбүздүн бир саат 10 мүнөттүк моно спектаклди алып бардык. Башкача айтканда, бир театрдын артисти деген багыт бар. Фестиваль абдан жакшы өттү. Максаты бүгүнкү күндөгү театр искусствосун өстүрүү жана даңазалоо, драматургдардын чыгармачылыгына түрткү берип өстүрүү, учурдагы орус драматургдарынын мыктыларына көпчүлүктүн көңүлүн буруу максат болгон экен.

- Биздин алган маалымат боюнча, сиз аялдардын эң мыкты ролу үчүн сыйлыкка татыктуу болуптурсуз?

- Ооба.

- Канча театр катышты, чет мамлекеттерден келдиби театрлар?

- Фестивалга 26 театр катышты, 18 шаардан. Андан тышкары 6 чет мамлекет катышты. Ал Великобритания, Финляндия, Польша, Украина, Кыргызстан, Россия. Фестиваль спектаклдерди шаардын 7 аймагында көргөздүк. Биздин спектакль куурчак театрынын кичи залында көргөзүлдү.

- Кыргызстандан барган, сиз ойногон спектаклди койгон жаш режиссер Шамиль деген жигиттин чыгармачылыгы кандай баланды?

- Режиссердун таланты бар, келечекте абдан көптү үмүттөндүргөн жаш режиссер экен деп өтө чоң ыраазычылык менен бааланды. Ага дагы билимин улантып, Москвага окууга келүүгө сунуш кылынды, өзүнүн колуна бүт материалдар берилди, эмне менен даярданыш керек, кайсы мезгилде экзамен болот. Ушундай жашкынакай сунуш болду.

- Ал эми сиздер барганга Маданият министрлиги, же Кыргыз драма театрынан жардам болдубу?

- Биз негизи спонсордун жардамы менен бардык. Анткени бул спектакль биздин өзүбүз жекече максат менен коюлган, түнкүсүн иштеп жүрүп жасалган болчу. Шамиль Дыйканбаев менин өзүмдүн студентим болуп иштеп келген, өзүбүздүн ишибиз. Анан буга биздин маданият министрлиги менен Кыргыз драм театрынын директору Кыргызбай Осмоновдун каты аркылуу, тиги жакка баратканыбызда эле чечилди, анан “Кателдин” дирекциясынын жардамы болду.

- Эми ушул театралдык фестивалдан кийин сиздер бөлөк фестивалдарга чакыруу алдыныздарбы?

- Ал жерге башка фестивалдарды өткөрүүгө максатталган жетекчилер келген жок. Бирок Санкт-Петербургда өтө турган фестивалга өзүбүздүн жолдомобузду жөнөткөнбүз. Эми алардан кандай жооп келет, аны күтүп атабыз. Ал 2009-жылы өтөт экен.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG