Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Радован Каражичтин арызы сотко келе элек, улутчулдар демонстрацияга даярданууда


Босниялык сербдердин мурдагы жолбашчысы Радован Каражичтин адвокаттарынын Сербиянын согуш кылмыштары боюнча сотунун аны Гаага трибуналына өткөрүү жөнүндө чечиме каршы берген аппеляциялык арызы соттун дарегине келе элек. Бул тууралуу бүгүн соттун маалымат катчысы Ивана Рамич билдирди. Каражичтин адвокатынын ырастоосунда ал арызды мыйзамда көргөзүлгөн мөөнөт аяктаардын жуп алдында, өткөн жума күнү почта аркылуу жиберген. Сербиянын мыйзамдары боюнча арыз почта аркылуу жөнөтүлгөнү менен багытталган дарекке келбей калса, сот Каражичти анын аппеляциясын карабай туруп эле, экстрадициялай алат. Бул аралыкта Сербиянын ашынган улутчулдары бүгүн кечинде Белградда өкмөткө каршы демонстрация өткөргөн жатат. Аны уюштуруп жаткан Сербия Радикалдык партиясы мындай акциясы аркылуу Радован Каражичтин Гаагадагы трибуналга экстрадициялануусуна тоскоолдук кылууну көздөөдө. Радикалдар Каражичтин Сербия жана Босниядагы колдоочуларынын баарын демонстрация келүүгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG