Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

7:00 Кыргызстандык эмгек мигранттары Түркияны каптай башташты


Стамбулдагы кыргыз консулдугу тараткан маалымат боюнча жыл сайын Кыргызстандан Түркияга 20 жаштан 35 жашка чейинки 2000-2500 киши барып иштейт. Алар жогорку адистикти талап кылбаган айлык акылары төмөн жана оор шарттардагы, негизинен мыйзамсыз жана көмүскө шарттар менен бериле турган жумуш орундарында иштешет. Мындай учурларда кыргызстандык мигранттардын эмгеги бааланбай, айрым учурларда же эмгек акысынан же документтеринен жок, талаада калышат. Ал эми алардын укугун сот аркылуу териштирүү жумушчу виза, иш тууралуу келишим сыяктуу нерселердин жоктугуна байланыштуу мүмкүн эмес, деп айтылат башкы консулдуктун маалыматында. Акыркы эки жыл ичинде маңзатка байланыштуу, киши өлтүрүүгө катышкан, алдамчылык жана талап-тоноочулук кылган деген айып менен Стамбул шаардык соту кыргызстандык 5 жаранга кылмыш ишин козгогон. Бирок Башкы консулдуктун укуктук коргоосу аркылуу тергөөдө жана сотто алардын күнөөсүздүгү аныкталып, кайра мекенине кайтарылган.
Мыйзамсыз миграциянын арбышына эки өлкөнүн ортосундагы бир айлык визасыз кирип-чыгуу тууралуу макулдашуу негизги себеп болуп жаткандыгын белгилеген түрк бийлиги жакындан тарта катуу чараларды көрө баштады. Эми Түркияга кирген кыргызстандык жарандардын жанында кайра кайтууга билети жана 500 АКШ долларынан кем эмес акча каражаты болууга тийиш.(ZKo)

XS
SM
MD
LG