Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

14:50 К.Бакиев: “Коррупцияга каршы күрөштө коомчулук алдыңкы орунда турушу зарыл”


Мамлекет башчы мындай милдетти коррупциянын алдын-алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаровдун алдына бүгүнкү жолугушууда койду. К.Бакиевдин айтымында, бийлик өкүлдөрүнүн коррупцияга канчалык деңгээлде малынып, мыйзамсыз кандай кадамдарга барып жаткандыгын жергиликтүү калк, жарандык коом өкүлдөрүнөн артык эч ким билбейт. Ошондуктан агенттик эң ириде коомчулуктун маалыматтарына таянып, алар менен бирдикте иш алып барышы зарыл. Садыр Жапаров болсо бийликтин жогорку тепкичинде пара берип кызматка орношуу деген жоюлду, эмки көңүлдү төмөнкү жана ортоңку баскычтагы коррупцияны жоюуга буруу керек деп билдирди. Ал эми ушул маселе менен “Азаттыкка” Ноокен районунун тургуну Абдиламит Тажибаев кайрылып, жергиликтүү бийликтеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшкө чыкса, аны эч ким колдобой жана бийлик укпай жаткандыгын билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG