Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

18:06 Адам укугун коргоочулардын гезитине байланыштуу сот жараяны экинчи ирет болбой калды


Кызылкыя шаарындагы Түштүк кыргыз цемент ишканасынын төрагасы Ян Фишер Жалалабат облусундагы адам укугун коргоочу адилеттик уюмунун басылмасынын баш редактору менен авторун кылмыш жообуна тартууну жана басылманы жабууну талап кылган. Экинчи доо арызында Жалал-Абат шаардык сотунан алардан миллион сом өндүрүп берүүнү жана макаланы жокко чыгаруусун өтүнгөн. Бирок анын жактоочулары жана ал өзү да кечекидей эле бүгүн да сотко келишкен жок. Ян Фишердин доо арызы эми качан каралары белгисиз. Басылманын баш редактору Абдумомун Мамараимов “Иш канча турат, же түтүнсүз от болбойбу?” деген макалада Ян Фишердин адамдык ар-намысы менен ишкердик беделине шек келтире турган ушак-айың сөздөр жазылбагандыгын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG