Бүгүн Оштон Тажикстанды, Ооганстанды карай сапар тарткан кербенди миграция жана жумуштуулук комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова жетектөөдө. Рыскулованын айтымында, экспедиция ирегелеш өлкөлөрдө жашаган кыргыздардан кабар алганча, аларга 2 миллион 600 миң сомдук азык-түлүк, кийим-кече жана башка керектөөчү товарларды тапшырып кайтмакчы. Оштогу укук коргоо кыймылынын төрагасы Төлөн Дыйканбаев «Кыргызстан – бул ушул мамлекетте жашагандардын гана эмес, Жер шарынын ар кайсыл булуң-бурчунда тиричилик кылган бардык кыргыздардын Мекени, ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү аларга кам көрүүгө милдеткер» деп эсептейт. (ATo)