Жолу ыраак жана аска-тоолор менен көгүлжүм арчалардын кучагында калган Сары-Челек көлүнө каттагандар жылдагыдан арбын. Корукчулардын башчысы Рахманкул Шабдановдун эсебине караганда күн сайын 40-50 автоунаадагы эс алуучулар ажайып корукту көргөнү жана айтылуу көлдүн боюнда сергигени келишет. Бирок эс алуучулардын бардыгы эле токойдо өрт коопсуздугун сактай беришпейт:
- Бул Кыргызстанда гана эмес жер жүзүндөгү эң кооз жерлердин бири жана саналуу корук болуп эсептелет.
Токойдогу бадал-дарактар менен куш-канаттуу, курт-кумурскалар корукка алынгандыктан Сары-Челек көлү менен коругу эс алуучулар үчүн эсептелген эмес. Ага карабай эс алуучулар жандык союшуп, анын ичеги-чабагын туш келди ыргытышат. Көл боюна казан асып, түтүнү менен абаны булгашат. Тазалыкты талап кылган токойчуларга тап бергендер болду.
Токойчу Алмазбек Атабековдун айтымында, корукка баш баккан адамдарга таштанды салчу кап берилет. Көл жээгинде эс алгандан калган таштандыларды жыйнай чыккыла деген эскертүүгө эс алуучулар көңүл бурушпайт. Жолдун начардыгы да эс алуучуларды бир топ мүшкүлгө салат:
- Көлдүн жээгинде эс алуучулар койлорун союшуп, Тосколатага зыярат кылышат. Очоктору, казандары даяр ал жерде. Ташкөмүрдөн Каражыгачка аябай жакшы жол салып койду. Каражыгачтан Сары-Челекке чейин жол начар. Жолду жакшылап койсо туристтер көп келмек.
24 миң гектар жерди ээлеген коруктун айланасында миңге чукул адам жашайт. Алар мал-коюн токойго жайышат. Коомчулуктун болжолунда корукта айрым жырткыч айбанаттар жана зубр жоюлуп кеткен. Андагы сүт эмүүчүлөр менен куштардын, айбанаттардын саны жыл этегиндеги изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болот.
Коруктун деректири Улугбек Арстанбаевдин айтымында, табиятка кол салчуларга күрөш катуу. Былтыр жапайы аңчылардан 11, быйыл 2 мылтык тартып алынган. Бирок, токой айланасындагы айыл калкына малдын санына чектөө коюу зарыл:
- Мөмө жемиш бышкан учур. Күндөн күнгө биз кызматкерлер менен Сары-Челек коругундагы башка иштерди кылып, мусор тазалатып, Сары-Челекке барып келүүчү гана жолду карап калган учурларыбыз болот. Элдин жакын жайгашканы бизге түйшүк алып келип атат. Биздин эле корукта эмес, Кыргызстан боюнча малдын так санынын жоктугу жана ошондой эле корук жерлерде болобу, башка жерлерде болобу көбөйүп бараткандыгы. Оорунун бардыгы да ошондон чыгып атат. Чоң жайлоолор такырайып калды,- деп, Улугбек Арстанбаев жаратылышты коргоо үчүн курал-жарак эски жана жетишсиз болуп жаткандыгын айтып өттү.