Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Конституциялык соттун чечими “өлкөдөгү демократиянын жана мыйзамдын күчүн бекемдейт” деп билдирди


Бул тууралуу өкмөт башчы Конституциялык соттун бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясына карата чыгарган чечиминен кийин айтты. Маалым болгондой, Түркиянын Жогорку апелляциялык сотунун прокурору “Адилет жана өнүгүү” партиясы кабыл алган бир катар мыйзамдар Конституцияга каршы келип, өлкөнү секулярдык жолдон чыгарып, ислам тартибин орнотууга аракет кылууда деп күнөөлөп, партияны сотко берген. Конституциялык сот прокурордун арызын үч күн карап, натыйжада бийликтеги партиянын пайдасына чечим чыгарды.

XS
SM
MD
LG