Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

ЖОГОРКУ СОТ ТӨРАГАСЫНЫН БААСЫ 1 МЛН. ДОЛЛАРБЫ?


“Аки-пресс” маалымат агенттиги бүгүн Кыргызстандын бардык коомдук турмушунда коррупция бар экенин алтургай өкмөт башчысы Игорь Чудинов да мойнуна алганын белгилеп, “Комсомольская правда-Кыргызстан” гезитинин “Кыргызстанда кызматты сатып алса болобу?” деген суроосуна белгилүү коомдук-саясый ишмерлердин берген жообун көчүрүп басты.

Суроого КР Юстиция министри М. Кайыпов, 3 жылда 4 жолу министр болуп дайындалганын, бирок бир тыйын да бербегенин айтса, “Акшумкар” партиясынын лидери Т. Сариев, мамлекеттик кызматтар сатыларын, мисалы “Акжол” партиясынын тизмесине кириш үчүн эле 500 миң доллардан 1 млн. долларга чейин төлөшүң керектигин, бүгүн парламентте олтургандардын көбү ошентип депутат болгондордон турарын айткан.

УТРКнын башкы деректири М. Эшимканов, кызмат сатылат деген шыбыш кеп барын да угалекмин, балким кызмат Россияда сатылар, ал эми биздикиндей кенедей өлкөдө мындай болушу мүмкүн эмес, сатып алуу аракети да жок деп, Саясат иликтөөчү, професссор Н. Омаров, сөзсүз сатылат. Алтургай тарифтери да бар. Кызмат сатып алмай дал азыркы президент кызматка киришкенден баштап аябай өстү.

Мисалы Акаев учурунда Жогорку Сот төрагасынын орду-300 миң доллар турса, азыр миллион доллардын тегерегине чыкты. Акаев учурунда катардагы бажы кызматкери болуш үчүн-5 миң доллар берсе, азыр 20-25 миң доллар беришет, раймилиция начальнигинин ордун орточо 50 миң долларга сатып алса болот, мурда бул орун 12 миң доллар турчу. Министр болуш үчүн мурда 100 миң доллар жетиштүү болсо, бүгүн ага 300-400 миң доллар беришиң керек. Далил келтирелиби? Бажалыста. Жакында эле президент министрлерин кызамттан айдайм деп коркутту. А бирок эмне үчүн бошогон жок? Анткени алар кызмат орундарын белгилүү бир мөөнөткө дейре сатып алышкан деп, “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаев, Бишкек мэрлигине жалаң байлардын гана дайындалып жатышынын өзү эле кызматтар сатыларын каңкуулап турат. Азыр ким канча көп берсе ошол кызмат алат деп, ЖК депутаты О. Назаров, эчким азыр кызматты сатып алуу туурасында ойлонбойт, анткени эң жогорку орундарда чыныгы профессионалдар иштейт деп, Коомдук кыймылдын төрагасы Акин Токталиев, баары сатылат. Жакшы орундарга билими барлар эмес, таанышы барлар барат. Маселен физик Марат Султанов Соцфонддо отурат, же ырчы Бек Борбиев эмне үчүн бажыканага барды. Мен инженер-экономистмин. Кызматка чакырышпайт, барган күндө да албайт, анткени мен алар каалаган чоң акчаны төлөй албайм, деп, Коррупцияны алдын алуу боюнча КР өкмөтүнө караштуу Улуттук комиссардын орунбасары А. Бакеев, колунан кармап албаган соң ал ууру эмес, мен эчкимди кармай элекмин, биздин президентибиз да биздин өлкөдө андай бар экенин билбейт, бирок анын кийинки сөзүнөн кийин биз коррупциянын тамырын кыярыбызга ишенем деп, Машиналардын кузовдорун жасоочу цехтин устасы Н. Тихонов, бизде жогорку кызмат орундары чоң-чоң акчаларга сатылат жана жалаң туугандык жакындыгына карата бөлүштүрүлөт, деп жооп берген.

Кыргызстандын “Электр станциялар” акционердик коомунун басмасөз кызматы Өзбек Республикасынын айыл жана суу чарба министринин орунбасары Ш. Хамраевдин Нарын-Сырдарыясын пайдалануу боюнча кыргыз тарапты күнөөлөгөн макаласына макул эместигин билдирген маалыматты шардана кылды. Кыргызстан өз аймагындагы Нарын дайрасынын Хамраев айткандай 50 пайызын эмес, 20 пайызын гана керектейт, калган 80 пайызы коңшу мамлекеттерге кетет. Өзбекстан 2003-жылдан бери карай өзүнө кабыл алган милдеттенмелерин аткарбаганы аз келгенсип, 2004-жылдан тартып отун-энергетика жана суу тартибин жөнгө сала турган өкмөт аралык протоколдорго кол коюну токтотуп салды. Алдын ала макулдашылган келишимдерди жөнгө салуу боюнча үстүбүздөгү жылы бир катар аракеттер жасалган. Мындай жыйындар Кыргызстандын демилгеси менен ушул жылдын 30-апрели, андан кийин 10-июнунда өткөн. Бирок так ошол Хамраев мырза жетектеген өзбек делегациясы келишимге кол койуудан баш тарткан. Демек бүгүнкү күндөгү укуктук вакуумга алып келген кырдаалдын күнөөкөрү Кыргызстан эмес, тескерисинче Кыргызстанды күнөөлөгөн макаланын автору Ш.Хамраев болушу мүмкүн деп айтылат кыргыз энергетиктери тараткан пресс-релизде. Муну “Фергана.Ру” маалымат агенттиги жарыкка алып чыкты.

Ошентип коңшу мамлекеттердин атка минерлери ыркка келалбай, биринин бетине бири суу чачып “ойноп” аткан кезде Кыргызстанда көмүр кымбаттай баштады деп кабарлады ошол эле “Фергана.Ру” Кыргыз өкмөтү мындан ары электр менен жылытуучу системаларды токтоторун жар салары менен көмүрдүн баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырганда эки эсеге өсүп кетти. Мисалы өткөн жылы тоннасы 1800 сом болгон көмүрдүн баасы ушу тапта Нарын дубанында 3000 миң сомду чапчыса, Баткендин Сүлүктү шахтасындагы көмүрдүн 1тоннасы 5 миң сомго жетти.

Ал эми Кыргызстандын билим берүү министрлиги буга чейин электр энергиясы менен жылытылып келген өлкөдөгү мектептердин жарымы декабрдан февралга чейин каникулга таркатыларын билдиргенин кечээ күнкү баяндамабызда сөз кылган болчубуз.

Кыргызстандын энергетикалык кризиске батышын дал ошол Энерготармакты башкарып келгендердин коррупцияга малынганы менен түшүндүргөн эксперттер массалык маалымат каражттарында буга чейин эчен курдай айтып да, жазып да келишкени белгилүү. Алтургай коррупцияга аралашкандардын ана башында турат деп азыыркы өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен Өнөржай энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбековдун аттары да аталган. Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев бул экөөн кызматтан айдап, жоопко тартуу керек деп президентке бир нече ирет кайрылганын да билдирген.

Мына ошентип коррупция демекчи, президент Курманбек Бакиев Коррупцияны алдын алуу боюнча Кыргыз өкмөтүнө караштуу Улуттук комиссар Садыр Жапаров менен жолугуп сүйлөшкөн убагында коррупция менен күрөшүү үчүн бүтүндөй өлкө калкын тартуу керек деп айтканын, анткени анын ою боюнча атка минерлердин кимиси коррупционер, кимиси коррупционер эместигин жергиликтүү элден артык билген эчким жоктугун, ал эми жогорку эшалондогу чиновниктердин арасында болсо коррупция деген жоголгонун, анткени эчким пара берип кызматка барбай калганын, ошондуктан коррупцияга каршы күрөштү орто жана андан төмөнкү деңгээлдеги чөйрөдө жүргүзүү керек деп айтканын “24.kg” маалымат агенттиги таратты.
XS
SM
MD
LG