Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

14:40 Сот А.Айнидинованын Жогорку соттун судьясы К.Момбековдон баш тартуу өтүнүчүн канааттандырды


Кечээ Жогорку сотто Асел Айнидинованын баш коргоо чарасына байланыштуу маселе каралды. Анда А.Айнидинова сотто үчүнчү ирет төрагалык кылып жаткан Кубанычбек Момбеков ишти калыс карай турганына күмөн санагандыктан андан баш тартууну өтүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын 18-июнда К. Момбеков төрагалык кылган Жогорку соттун коллегиясы А.Айнидиновага карата буга чейин чыгарылган баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин чыгарган. Анын негизинде А. Айнидинова УКМКнын тергөө изоляторунда бир айдан ашык кармалган. А.Айнидинованын ишин көзөмөлгө алып жаткан Укук коргоочулардын координациялык кеңеши билдиргендей, соттун мындай чечими эмнеге негизделгени тууралуу соттун аныктамасында жазылган эмес, анын үстүнө, чечим боюнча тиешелүү документер 17-июнда даярдалаган. Бул - судья К. Момбеков документти алдын ала даярдаганын жана ишти калыс карабай жатканын далилдеп турат, дейт А.Айнидинованын адвокаты Ирина Левцова. Бул боюнча соттун кийинки отурму 8-августта болот. Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин мурдагы жубайы А.Айнидиновага күйөөсүнүн дачасын өрттөгөн деген айып тагылууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG