Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

17:30 Оштогу жабык эшик артындагы сотто 14 медициналык кызматкерге акыркы сөз берилди


Сот жараянына катышкан жабырлануучулардын биринин айтымында, медицина кызматкерлерине тагылган күнөөлөр жүйөөсүз экендигин белгилеп, сотту актоо өкүмүн чыгарууга чакырышты. Ал эми мамлекеттик айыптоочу дарыгерлер кызматына шалаакы мамиле жасап, балдар менен энелурге СПИД илдетин жуктурган деп айыптап, аларды мыйзам чегинде жазалоону талап кылды. Ошондой эле жабырлануучулардын жактоочусу мындай сакайгыс илдетти жуктургандарга моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү өтүндү.
Оштогу «Рейнбой» коомдук фондунун өкүлү Султан Мамытов айыпталуучулар жазаланаары тууралуу айталбастыгын айтты. Себеби мындай окуя Кыргызстанда биринчи болуп жаткандыктан, илдетти ким жуктургандыгын далилдөө кыйынга тураарын кошумчалады. (ATo)

XS
SM
MD
LG