Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Н.КАСИЕВ: ОТУЗ ЖЫЛ АРТКА КЕТИП КАЛА ТУРГАН БОЛДУК


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Коомдук ишмер Накен Касиев энергетика маселеси --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/07/D3AEB2DA-A18E-4FC3-8940-F6B9B560D7DC.asp боюнча өкмөт учурунда тийешелүү чечим кабыл албай кечиктирип жибергенин белгиледи. Анын айтымында, алдыда карапайым элди оор кыйынчылык күтүп турат. Өкмөттүн азыркы мамилеси менен өлкө отуз жылга артка кетет деген кооптонуусун Касиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

- Накен мырза, кечээги өкмөт жыйынында электр кубаттуулугу менен жылытылган ишкана, мектептерди кайрадан көмүр менен жылытууга өтүү сунушу айтылды. Мындай сунушту айрымдары кайрадан 20 жылга артка кетүү катары бааласа, айрымдары бүджеттен көп каражат ысырап болот деген көз караштарын айтышууда. Буга сиздин пикириңизди уксак?

- Менин пикирим, бул электр кубаттуулугун үнөмдөө деген ураан менен өкмөттүн чыгып жатышы, азыркы көрүп жаткан иш чарасы кечигип калган нерсе. Себеби, бул жылдын башынан бери айтылып келаткан сөз болчу. Тажикстанда кышта болгон кризисти көрүп, билип туруп өкмөт эч кандай жыйынтык чыгарган жок. Ошондуктан светтерди өчүргөн Кыргызстанда чоң кыйынчылыкка алып барат.

Эң биринчиден оорукана менен мектептердин дээрлик баары үч фазалуу электр кубаттуулугу менен жылытууга өткөн. Аны кайрадан отун менен жылытууга өткөрүү абдан көп каражатты талап кылынат. Эми мектептердин баары жабылат. Ал эми ооруканалардын, оорулуулардын абалы кандай болот? Муну ойлогон киши бар бекен?

Телевизордон айтып жатышат, байлардын үйлөрүнүн үч фазасы өчүрүлөт деп. Мейли, өчүрсүн. Бирок бул 5 пайызды эле түзөт. Калган эл журт эмне болот, ушуну ойлобогонуна мен абдан нааразымын да. Өкмөт эч кандай чара көрбөгөндүктөн “поюз” эчак кетип калды.

Алыскы бийик тоолордо бир-эки айдан кийин от жагыш керек. Бул элди кандай акыбалга алып келет, менин акылым жетпейт. Бул эң чоң трагедия. Биз 20 жыл эмес отуз жыл артка кетип калабыз.

- Айрым бир маалыматтарга караганда бүгүндөн баштап көмүрдүн баасы жогорулайт экен. Ошондой эле газ, электр кубаттуулугуна баанын кымбатташы күтүлүүдө. Мунун кесепеттери кандай болот? Мунун алдын алуунун жолдору барбы?

-Мына президенттин "тезек тергиле" дегенинен баштап, элдин баары аракет кылып көмүр алууга тырмалашып жатышат. Бирок шабыр күл көмүрүнүн бир тонна баасы 2200 сом. Азыр эки эсе кымбаттайт дейт. Төрт миң сомго чыгат. Өзүңөр билесиңер элибиз учурунда көмүрдү тонналап албай килограммдап алып калган. Мына көмүрдүн баасы кымбаттоодо. Эми эл көмүр ала албай калат. Бул чоң азап-тозок. Эми эл көмүргө да жетпей калат. Эми тезек менен үйдү жылытыш мүмкүн эмес.

- Мына ушулардын алдын алуунун жолдору барбы?

-Бул жылдын башынан эле мындай сөздөр болуп, Нарын дарыясында суунун азайгандыгы чын. Өткөн кышта сууну үнөмдөбөй өз билгениндей сатып, 9 млрд куб суу калгандыгы чын. Бирок мына алты айдын жүзү болду, ушул алты айдын ичинде өкмөт тарабынан эч кандай реалдуу иш болгон жок. Бир гана чогулушуп жыйын өткөрүп коюшат. Андан башка реалдуу иш жок. Ошондуктан мен ойлойм, азыр “поюз” кетип калды. Эми кышында өткөн жылдагыдай катуу суук болсо элдин тагдыры кандай болот. Аны ойлогон бир дагы жетекчи жок. Болгону кеңешме өткөрүп, бири-бирин күнөөлөп коюп атат. Муну менен эч кандай майнап чыкпайт.

- Тиешелүү жетекчилер азык-түлүктүн кымбатташын, дүйнөлүк баанын жогорулашы менен салыштырууда, алардын мындай жообу канчалык жүйөлүү? Деги эле өлкөдө азык-түлүк коопсуздугуна карата көрүлгөн иш-чаралар сизди канааттандырабы?

- Бул азык-түлүк боюнча проблема чынында дүйнөлүк маселе болгону менен Кыргызстан өзүн-өзү багып кете ала турган өлкө эле. Республикабыздын телегейи тегиз. Төрт тарабынан мүмкүнчүлүгү бар эле. Жылдын башынан бери бул кырдаалдан чыгуунун жолдору боюнча көп экономисттер өздөрүнүн сунуштарын берип, оппозициянын, пропозициянын өкүлдөрү, окумуштуулар дагы өздөрүнүн сунуштарын берип келди. Ошол дүйнөлүк баага шылтап коюп оор акыбалга келбейли дешти.

Мына, азыр бир эле маселе, дизелдик майдын баасы 45 пайызга кымбаттады. Эл күзүндө чөп чаап, эгиндерин бастырып, түшүмдөрүн коромжуга учуратпай жыйнашы керек эле. Түштүктөгү эл жайлата эптеп-септеп эккен пахталарын жыйнап алышы керек. Азыр солярка бир доллардан ашып кетти. Бул болсо элибизди жакырчылыктын сазына батырып жатат. Бардыгын алдын ала даярдап, иш алып барууга болот эле. Дүйнөлүк баага шылтап коюп, буга байланыштуу реалдуу түрдө программаны иштеп чыккан өкмөттү көрбөдүм. Мына өкмөттүн кечээ кеңешмеси болуп өттү. Бири-бирин күнөөлөйт. Эми Чудиновдун өкүмөтүн кетирип койгону менен эч нерсе өзгөрбөй калды. Ал эми ушуга шылтап туруп өкмөттү күзүндө кетирип салуу реалдуу болуп калды.

- Ырахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG