Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Ч.ОРОЗОБЕКОВА: “МЕН ТҮРМӨДӨН КОРКПОЙМ”


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек “Репортер Бишкек” гезити ушу күндө сот тарабынан мойнуна 3 млн. сом айып салынган “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекованын интервьюсун басты.

“Сиздин адвокат жана сиз өзүңүз мындар ары кандай болот деп ойлойсуздар?” деген суроого башкы редактор: “Кыргызстан күтүүсүз окуялардын өлкөсү, кандай болорун болжоо кыйын, мен гезитти гана сактап калышым керек, бу деген үйбүлөлүк бизнес” деп, кабарчынын “Саясатка аралашпай шоу-бизнести жазып коюп жүрө берсеңер жашооңор да тынч, нускаңар да көп болбойт беле?” деген суроосуна башкы редактор: “Мен андай духтагы журналист эмесмин, мага дал ушундай коомдук-саясый гезит керек болучу. Эгер “Де-факто” жабылып, кайрадан гезит ачууга туура келсе, ал дале ушундай гезит болот. Мени түрмөгө олтургузуп коет деп коркпойм,-деп жооп берди.

Ушул эле маектешүүнүн катарында “Де-фактого” байланыштуу күнөөлөнүп жаткан укук коргоочу Качкын Булатов да интервью берип, ага бир күнү 30-35 жаштагы аял келип, үнү да, өңү да жазылган аудио, видео материалдарды документтери менен сунуш кылганын, өзү салык инспекциясында иштээрин айтып күбөлүгүн көрсөткөнүн, күбөлүгүндө чын эле Замира Молдоева деп жазылып турганын, материалдын бир жеринде Медет Садыркулов шаардык салык башкармасынын жетекчиси Далбаевдин “крышасы” экендиги ж.б.барын, иши кылып президент К. Бакиевге жаңылык боло турган көп нерсе жазылгандыгын көрүп, кызматташууга макул болуп, материалдарыңды гезиттерге бер деп айтканын, кыскасы бийлик кандай жол менен болсо да “Де-фактону” жапкысы келгенин, бирок өз колу менен эмес, оппозициянын колу менен жапкысы келип, анан объект катары өзүн-Качкын Булатовду тандап алганын, бийлик Чолпон Орозобекова менен Качкын Булатовду күнөөгө жыкканы жатканын айтты. Кабарчынын “Канча жылга эркиңиздерден ажыратышы мүмкүн?” деген суроосуна укук коргоочу: ”5 жылга чейин” деп жооп берди.

“Төлөбөй жаткандардын көбү заңгыраган хан сарайларды салып алгандар, ушул убакка чейин тоок уурдаган кедей кесилип барып келип, ток уурдаган байлар жыргап жашап жатат” деп жазган “Эркин тоо” гезити макаласында президент К. Бакиевдин: ”Жарыктар күнү-түнү күйүп турат, суулар себепсиз агып турат. Даяр энергияны үнөмдөп калуунун ордуна Токтогул суу сактагычында суу аз, ошондуктан жарыкты тариф менен өчүрөбүз дегениңерге мен каршымын. Президент катары элди жарыксыз калтырууга жол бербеймин. Кышка чейин дагы 4 ай бар. Шаардын ичинде чоң-чоң хан сарайларды салып алган адамдардын баарынын кышкысын электр жылыткычтары менен жылый турган үйлөрү өчүрүлсүн” деген сөзү карапайым калкка майдай жакты, эми кеп мунун аягына чейин аткарылышында гана калды” деп баяндады.

Ушул эле гезит Бишкек шаар көчөлөрүндөгү жарнактар жөнүндө макала жазып, андагы жазуулардын сабатсыздыгына токтолду. Маселен орусча “Частный нотариус” дегенди анын чала сабат кожоюндары “Жеке нотариус” деп жазып илип коюшканын, туурасы “Жеке менчик нотариус” деп жазылышы керектигин, жарнама жазуулар толгон-токой каталарга жыш экендигин, мисалы “дары” деген сөз “даары” болуп, “каржылоо” деген “каржыло” болуп, жарнак такталардын дээрлик баарында: чайдан тартып, тамак-аш, маданий борбор, жада калса окуу жайларына чейин орус, уйгур, негр улутундагы улан-кыздардын сүрөттөрү каптай баштаганын, айтор Бишкек улуттун жүзү жок шаарына айланганын жазып чыкты.

“Агым” гезити бүгүн Күн тутуларын, мындан ары Бишкектин улан-кыздарынын тишине курт түшүп, өпкөлөрүн кургак учук оорусу каптабай турганын, анткени шаар башчысы Н.Түлеев Бишкекте семичке сатууга тыйуу салганын маалымдады.

“Жаңы кылым” гезитинин кабарчысы: “Кечээ Чүй облсотунун алдында “Жүзүмалиевдер көчүп кетсин. Аксы окуясына айланып кетпесин, сот адилет чечим кабыл алсын” деген плакаттарды көтөргөн жаштар турду. Мурда бул кызматтан кетсин, тиги кызматтан кетсин деген плакаттарды көрсөм, эми минтип бир айылдын тургундары биринин көчүп кетишин талап кылган плакаттарды көрүп таң калбай кое албадым” деп сөз учугун чубап келип, бул чуулгандуу окуя өткөн жылдын 20-ноябрында Панфилов районундагы Каптал Арык айылында болгонун, 10-класстын окуучусу Адилет аттуу бала буту катуу ооруп, акыры Мамакеевдин клиникасында каза тапканын, анан анын өлүмүнө шектүү делип ошол эле мектептин 11-классынын окуучулары Элдияр менен Арслан камакка алынып, азыр соттолгону жатканын, каза болгон Адилет апасынын жападан жалгыз уулу болгонун, ал эми айыпталып жаткан балдар эч кандай рэкетчилик кылышпаганын, болгону мугалими Жүзүмалиеванын көрсөтмөсү менен 10-класстын балдарынан дискотека үчүн 10 сомдон акча жыйнашканын айтып көрсөтмө берип атканын баяндап, айтор бул окуяга сот адилет чечим чыгарбаса, бир эле бала эмес бир нече айыл адамдары жоготууларга учурап калышына эч ким кепилдик бере албастыгын, ошондуктан акыркы чечимди Чүй облусттук сотунун абийирине койуу менен күтө туралы деп аяктаган.
XS
SM
MD
LG