Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

14:00 Сокулук районунда суудан чатак чыкты


Сокулук районуна караштуу төрт айыл өкмөтүнүн дыйкандары бүгүн суунун жетишсиздигине нааразыланып иш-чарага чыгышты. Камышановка, Жаңы Пахта, Жаңы жер, Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүнө караштуу Атбашы каналынын алдында он үч миңдей гектар жер бар. Бул аймактын дыйкандарына суу кезек-кезек менен берилип жаткан. Бирок Жаңы Пахта айыл өкмөтүнө келгенде суу көлөмү кескин азайып кеткен. Сокулук районунун суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Саадаковдун “Азаттыкка” маалымдашынча каналда буга чейинки 8,5-9 миң куб метр суу азыр сексен пайызга төмөндөгөн. Буга быйылкы жаан-чачындын аздыгы, күндүн ысыктыгы себеп болууда. Саадаков дыйкандар менен жолугуп, бул жаатта чукул иш-аракеттер көрүлөөрүн, эртеңден тарта Атбашы каналында суу беш миң кубга жеткирилерин ырастады. (EBM)

XS
SM
MD
LG