Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Ж.АКЕНЕЕВ: “КООМЧУЛУК СУУ КАЙДА КЕТКЕНИН БИЛИШИ КЕРЕК”


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Коомдук ишмер, экономист Жумакадыр Акенеев өлкөдө кышка даярдык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/08/93EEFFEF-AAFD-4F8E-82FE-C8C0C594463F.ASP начар экендигин “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын баамында өлкөдөгү кризистен чыгуу үчүн президент башында туруп тез арада чоң программа түзүү зарыл.

- Жумакадыр мырза, Токтогул суу сактагычындагы суунун аз топтолушун бийликтегилер аба-ырайынын кургакчыл болушу менен байланыштырышууда. Айрым бир талдоочулар тиешелүү жетекчилердин кайдыгерлигинен улам аталган ГЭСте суу болуп көрбөгөндөй азайды дешүүдө. Сиздин баамыңызда, энергетика тармагындагы учурдагы кризистин келип чыгышына эмне себеп болду?

-Биринчиден, бул айтылган кептер эң туура. Бул жерде биз моюнга алышыбыз керек, быйыл жамгыр азыраак жаап, кургакчылык болуп атат. Бирок экономикалык тил менен айтканда, былтыр сентябрь айында 12 жарым миллиард суу бар болчу. Ошол суу анча-мынча сакталып, быйылкы жылдын апрель айында 17 жарым-18 млрд. куб метр суу болуш керек эле. Апрель айында 6 жарым млрд. калганы билинип атат.

Бул жерде бир суроо туулуп атат, ошол суу сактагычтагы 6 жарым миллиард, андан тышкары Нарын суу менен кышы боюнча 5 миллиард келди, ушул 11 млрд. куб. метр суу кайда кетти? Себеби, кыш кандай болбосун, катуу болсо дагы 10 жарым-11 млрд. сууну бир жака жибериш бул шалаакылык, мамлекеттик деңгээлде билбестик. Анан азыр болсо табигый кырсык аба ырайына шылтап элдин бардыгынын жарыгын өчүрүп атабыз.

Чындап келгенде энергетика тармак жактан биз 14 млрд. киловатт саат өндүрөбүз, өзүбүз 6 миллиардды эле пайдаланабыз, 8 миллиардды сатышыбыз керек. Анын ичинен 3-4 жоголгон күндө да 4 миллиард ашыкча өндүрмөкпүз. Эми биз бүгүн ошонун бардыгы кайда кеткенин билбей, азыр элдин эсебинен жарыкты өчүрүп, суу сактагычтагы сууну көбөйтөбүз деп өкмөт чоң маселени көтөрүп атат.

- Сиз айткандай шалаакылыкка жол берген жетекчилер жоопко тартылыш керекпи, же Кыргызстанда кандайдыр бир кызматкерлер өзүнүн кылган иштерине эч качан жооп бербейби?

-Жарым жылдан бери ошонун тегерегинде сөз болуп атат. Бирок сөз боюнча эле калууда. Кечээ күнкү өкмөттүн жыйынында мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүптүр, кандай тапшырма бергенин мен билбейт экемин. Бирок, мен ойлойм, кыргыз эли, коомчулук ачык билиш керек. Былтыркы сакталган 12 млрд суу, анан 5 млрд. келген суу - ушунун бардыгы кайда кеткенин коомчулук билиш керек.

Мен энергетика кризис боюнча айтып коеюн. Кечээ күнү коопсуздук Кеңештин секретары Бишкек ТЭЦке барып, биз өз көзүбүз менен эч кандай даярдык жок экенин көрдүк. 800 миң тонна керек экен, 11 миң тонна көмүр бар экен. Эми 3-4 айдан кийин кыш башталат. Ушул 3-4 айдын ичинде кантип биз 800 миң тонна көмүрдү жыйнай алабыз? Же өзүбүздүн, же Казакстандын көмүрү кандай акчага алынат?

Мен ойлойм, кечээ күнкү өкмөттүн жыйыны өкмөттүн кышка дагы, күзгү баанын өсүшүнө да эч кандай даярдыгы жок экендигин көргөздү. Президент демилгени өз мойнуна алып, бардык жерге базар ачкыла дейт. Анын барын президентке жеткирбей эле өкмөт, жер-жерлердеги бийлик жасаш керек. Эмне себептен өкмөт эч нерсе болбогонсуп бир жактан жакшылыкты күтүп атат? Эч жерде күтпөш керек, азыр камды өкмөт, мамлекет өзү көрүш керек.

- Айрым байкоочулар электр жарыгынын өчүрүлүшү экономикага терс таасирин тийгизерин айтышууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Сөзсүз түрүндө тиет. Кечээ эле айтылып кетти, 2-3 кабаттуу үйлөрдүн жарыгын өчүрүүнүн арты менен бардык жерде кичи ишканалардын да жарыгы өчүрүлүп жаткан экен. Алардын 20-30 пайызы иштебей калса, ошончо пайызга ички дүн продукция ылдыйлайт. Себеби, бүгүнкү күнү 80-85 пайыз продукция жеке менчик ишкердин күчү менен өндүрүлүп атат. Өкмөт өзү отурган бакты өзү кыйып жатканын түшүнбөй турат.

Мен ойлойм бул жерден чоң программа түзүп, башына президент туруш керек, себеби абал абдан оор болуп атат. Андан кийин күндө кандай чара көрүлүп жатканын элге түшүндүрүп, калкты кышка даярдашыбыз керек, “баанын өсүшү мындай болот” деп эл менен диалог жүргүзүш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG