Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:18

18:15 Тоолуу нарындыктар көң жаккандыктан өпкө оорусу менен арбын оорушат


Мындай маалыматты Улуттук кардиология жана дарылоо борборунун бөлүм башчысы, медицина илимдеринин доктору Талант Сооронбаев бүгүн Нарын шаарында болуп өткөн “Медицинанын ички актуалдуу көйгөйлөрү” аттуу илимий конференцияда билдирди. Окумуштуу малдын кыгынан даярдалган органикалык отун түрлөрүн көп пайдалангандыктын, башка аймактарда жашагандарга салыштырмалуу өпкө илдетине менен эки эсеге көп чалдыгарын маалымдады. “Тоолук айымдар тамеки тартышпайт, бирок өпкө оорусу менен көп оорушат, себеби алар көңдүн түтүнүн көп жутушат”, дейт Талант Сооронбаев. Айтмакчы кыргыз бийлиги кыштан чыгуу үчүн калкты тезек терүүгө чакырып келет. (KUs)

XS
SM
MD
LG