Пакистандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн "Ай-эс-ай" чалгын кызматы менен Кабулдагы жардырууну жасаган адамдардын ортосунда эч кандай байланыш жок деп билдирип, "Нью-Йорк Таймс" гезитинин маалыматын төгүндөдү. Аталган гезит өткөн жумада Пакистандын Чалгын кызматы террордук уюмдар менен тымызын байланышта экендиги жөнүндө жазып чыккан болчу.
Пакистан Кабулдагы Индия элчилигиндеги жардырууга чалгын кызматынын катышы бар экендиги жөнүндө билдирүүлөрдү четке кагууда