Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

ХУСЕЙИН БАС ҮНДҮН БААТЫРЫ ЭЛЕ


Кезектеги “Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөктө СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Хусейин Мухтаровдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына, өтөгөн өмүрүнө, баскан чыгармачылык жолуна, жаркын элесине арналат.

Өткөн кылымдын 60-жылынын экинчи жарымынан тартып туубаса нукура шыгы, албан аткаруучулук чеберчилиги, ар дайым кабагым-кашым дебей, жадырап, жайнап күлкү менен жашап, күлкү менен күн өткөргөн жүрүм-туруму менен музыка сүйүүчүлөрдүн арасына аттын кашкасындай таанылып, сый-сыпатына бөлөнүп, “бас (жоон коңур) үндүн баатыр ырчысы” аталган СССРдин, Республиканын эл артисти Хусейин Мухтаров тирүү болгондо үстүбүздөгү жылы 70 жашка чыкмак. Ал кырчындай курагынан тартып көзү өткүчө кыргыз, дүйнөлүк композиторлордун ондогон операларындагы башкы каармандарды, арияларды, ырларды, романстарды ийине жеткире аткарып, көрүүчүлөрдүн руханий жан дүйнөсүн асылдыктын бешигине бөлөгөн эле. Маркумдун теги башка улуттан болсо да, башынан кыргыздын ак калпагын түшүрбөй, кыргыз тилин булбулдай таңшыта сүйлөгөн, каада-салтын туу катары туткан улуу шайыр эле. Деги, Хусейиндин улуту, ата теги ким эле? Бул тууралуу Мухтаров менен отуз беш жыл бирге жашап, турмуштун ачуусун да, таттуусун да бирге татышкан өмүрлүк жары, таанымал опера ырчысы, эл артисти Эсен Молдокулова кеп учугун улады:

- Маркум Хусейиндин канында үч атанын каны бар эле. Биринчи өз атасы Мухтар Юсупов. Ал казакстандык таза кандуу уйгурдун таранчы уругунан эле. Апасынын энеси ташкендик өзбектин кызы. Ал эми апасынын атасы болсо дунган экен. Хусейиндин атасы Улуу Ата Мекендик согуштан келбей калгандан кийин Хусейин апасы менен таятасынын колунда калат. Кийин Хусейин документ алганда улуту дунган делип жазылып калыптыр. Бир кызыктуу окуяны айта кетейин. Кыргызстан Борбордук партия комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев чакырып кабыл алып: “Кыргыз ырчыларынын ичинен Хусейин өзүңдөй кыргызча сүйлөгөн, таза ырдаган ырчы жок” – деп баасын бериптир. Чындыгында опера жана балет театрында Хусейиндей таптаза ырдаган ырчы жок эле. Дагы бир жолу Турдакун Усубалиев чакырып алып: “Сен кыргызсың” десе, анда Хусейин “Жок, мен дунганмын” деп жеңип коюптур. Эгерде атасы боюнча кеткенде уйгур болмок. Ошентип маркум дунган, кыргыз элинин уулу болуп калган эле. Кайсыл жака барбасын, кыргыздын калпагын башынан түшүрчү эмес. Өзүң деле көрүп жүрдүң Хусейиндей кыргыз калпагын ардактаган, сыймыктануу менен кийген бир дагы ырчы, комузчу, жөнөкөй инсан болгон эмес эле.

Залкар ырчы патриоттук, лирикалык ырларды ырдоо менен дүйнөлүк ысымдагы композитор П.Чайковскийдин Бородиндин, Моцарттын ж.б. операларындагы баш каармандарды аткарган. Кыргыз композиторлору В.Власов, А.Малдыбаев, Ференин “Айчүрөк”, “Токтогул”, “Манас”, М.Абдраевдин “Олжобай менен Кишимжан”, Н.Давлесовдун “Курманбек”, С.Осмоновдун “Сепил” аттуу ж.б. операларындагы баш кармандарды өтө чеберчиликте аткарып, көрүүчүлөрдүн көңүлдөрүн көкөлөткөн. Айрыкча ал “Манас” операсындагы эки мүнөздөгү, эки көз караштагы элдик шерлер Манас менен Коңурбайдын образдарын өзгөчө чеберчиликте аткарып, жүрөгүндө карасы жок алп баатыр Манастын кейипкерин турмушта жашап өткөндөй жандуулукта терең, артыкча эргүү менен аткарган.

Мухтаров ар кандай маңыздагы, түркүн көркөмдүүлүктөгү, түрдүү образдардагы операларды, ролдорду аткаруу менен бирге дүйнө элдеринин тилдеринде алардын аваздык боекторунун ажарларын ачуу менен ар бир угуучунун сезимине жеткире сөздөрүн так айтып, обондорун таза ырдоочу.

Маркум Хусейин ак уулдун, кызыл кыздын сүйүктүү атасы эле. Ал мындан он жыл мурда Кыргыз радиосунун кабарчысына берген маегинде үй-бүлөсү жөнүндө:

- Эсен менин жубайым. Менин үйдөгү акылдашым, кеңешчим, сынчым, сырдашым. Эсен абдан акыйкаттуу адам. Ал атасыз, мен дагы атасыз чоңойдук. Экөөбүздүн атабыз тең 1941-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтышкан эмес. Дагы бир кызык нерсени айта кетейин. Эсендин туулган жери Таластын Кең Аралы, менин туулган жерим Чүйдүн Кең Булуңу. Карасаңыз эки айылдын аты “Кең”ден башталат. Дагы бир таң калаарлыгы менин апамдын аты Салима, Эсендин апасынын аты да Салима. Улуу балам Абдрахим. Азыр Кең Булуңда жашайт. Анча-мынча жери бар. Ал ошентип дыйканчылык менен алектенүүдө. Алты баласы бар. Экинчи уулум Данияр. Республикалык адистештирилген М.Абдраев музыкалык мектеп интернаттын 7-классын бүткөндөн кийин, Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайын бүткөрүп, Свердлов шаарындагы консерваторияда окуп жатканда кубаттуу делген Советтер Союзу кулады. Андан кийин Данияр болсо биздин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүүгө аргасыз болду. Каныкей Москвадагы музыкалык окуу жайын, Чачыкей болсо биздин консерваторияны бүттү. Данияр азыр Германияда контракт менен иштеп жүрөт. Чүй камералык оркестрин уюштуруп, башкы дирижеру болуп иштеди. Каныкей опера жана балет театрында концертмейстер. Чачыкей Уран Сарбагышев жетектеген балетте концертмейстр, деген эле.

Ооба, маркум Хусейин бүт үй-бүлөсү менен бүтүндөй өмүрүн кыргыз музыкасынын өсүшү менен гүлдөшүнө арнап келген эле. Бүгүн болсо Хусейиндин кыргызстандык угуучу, көрүүчүлөрүнө бере албай кеткен музыкалык мурастарын өмүрлүк жары Эсен, уулу Данияр, кыздары Каныкей, Чачыкей улап келүүдө.

Сүрөттө: Хусейин Мухтаров А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин “Манас” операсында Коңурбайдын ролунда
XS
SM
MD
LG