Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:55

16:18 «Акжол» фракциясы 2010-жылы президенттик шайлоодо К.Бакиевди кайрадан сүрөмөкчү


2010-жылы өтүүчү президенттик шайлоодо “Ак жол” партиясы Курманбек Бакиевди кайрадан мамлекет башчылыгына сүрөй тургандыгын, Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынын депутаты Санжар Кадыралиев Ошто шайлоочулары менен жолугуп жүргөн маалында «Азаттыкка» курган маегинде билдирди. Анын айтымында, президент Бакиев башкарган үч жылда өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болду. “Азыркы ар тараптуу реформалар дагы болочокто жакшы натыйжаларды берээринен үмүт чоң”,-дейт Кадыралиев.
Оштогу Коомдук кыймылдын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев «Мыйзамчы депутат Кадыралиев Шайлоо Кодексин одоно түрдө бузду, ошондуктан, эл арасында Бакиевдин пайдасына мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзгөндүгү үчүн анын кадамына Жогорку Кеңеш тарабынан баа берилүүгө тийиш!», деп эсептейт. (ATo)

XS
SM
MD
LG