Облуста күйдүргү оорусун алдын алуу максатында болжолдуу түрдө 5 миңден ашык адамга дары-дармек таркатылды. Оору чыккан айыл-кыштактарда дарыгерлер үймө-үй кыдырышып, жарандардын ден-соолугуна көз салууда. Эт сатууга жана бодо мал союуга тиешелүү адамдар күйдүргүгө каршы эмделишти. Күйдүргүгө шектелген уйлардын эттери өрттөлүп жок кылынды. Күмөндүү этти пайдаланбоо жана оору мал-жандык тууралуу калкка түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ноокен райондук, Кочкората шаардык мал базарлары менен эт дүкөндөрү бир айга жабылган. Ушу тапта Ала Бука, Сузак, Кочкор Ата аймактык ооруканаларында күйдүргү жугушу ыктымал деген бир нече адам дарыланууда. Буга чейин ооруканага жаткан 48 адамдын арасынан 10 кишиден күйдүргү илдети аныкталган. Мындай маалымат облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан алынды. (YA)