Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Шри-Ланкада Түштүк Азиянын сегиз өлкөсүнүн башчыларынын бийик деңгээлдеги жолугушуусу өтүүдө


Каралып жаткан негизги маселелер терроризмге каршы күрөш жана азык-түлүк коопсуздугу болуп саналат. Ушул жолугушуу өтүп жаткан маалда Шри Ланканын түндүгүндө “Тамил жолборстору” деп аталган козголоңчулардын тобу менен өкмөттүк аскерлер кагылышып, 14 козголоңчу жок кылынды жана өкмөт эки жоокеринен айрылды. Борбор шаар Коломбодо өтүп жаткан саммитте Индиянын тышкы иштер министри Шив Шанкар Менин чыгып сүйлөп, өткөн айда Кабулдагы Индиянын элчилигинин имаратына террордук кол салууну иликтөө боюнча Пакистан бийлиги өз жардамын сунуш кылганын маалымдады. 50 кишинин өмүрү кыйылган бул жардырууга пакистандык чалгын кызматынын тийешеси бар деген шек айтылган, Исламабад болсо мындай доону өзүнө жуутпай келет.

XS
SM
MD
LG