Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

ЕККУ Грузия коопсуздук күчтөрү менен анын жикчил аймагы Түштүк Осетиянын күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууну кескин айыптады


ЕККУнун төрагасы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубб эл аралык коомчулук бул жактагы окуяларды абдан тынчсыздануу менен байкап жатканын белгилеп, касташкан тараптарды кеп сөзгө келүүгө чакырган. Орусиянын бийлиги Түштүк Осетия чоң масштабдагы аскердик конфлитке жакын деп эскертүү жасады. Соңку күндөрү Түштүк Осетия менен Грузия бири-бирин куралдуу кол салуу боюнча айыпташып чырдашып жатат, эки ортодо атышуулар болуп кетти. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бүгүнкү билдирүүсүндө Грузиянын аракеттери бул аймакта тынчтык орнотуу тилегин таш каптырды деп айтылат. Ошол эле учурда Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Абхазиянын жетекчилиги 15-августка белгиленген тынчтык сүйлөшүүлорүнө катышпай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG