Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Нобель сыйлыгынын ээси А.Солженицын дүйнөдөн кайтты


Москвада 90 жашка курагында орусиялык дүйнөгө таанымал жазуучу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Александр Солженицын дүйнөдөн кайтты. Маалыматтарга караганда, ал жүрөк оорусунан каза тапты. Александр Солженицын көптөгөн романдар менен повесттердин, көркөм чыгармалардын автору. Алардын эң белгилүүлөрүнүн бири – сталиндик лагерлер тууралуу чындыкты баяндаган "Архипелаг Гулаг" чыгармасы. Дал ушул эмгеги үчүн ал 1974 –жылы СССРдин жарандыгынан кол жууп, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон. Адабият боюнча Нобель сыйлыгына мунун алдында 1970- жылы арзыган эле. Орусияга Солженицын кайра 1994-жылы кайтып келген болчу. Орус президенти Дмитрий Медведев жазуучунун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

XS
SM
MD
LG