Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

10:35 Бейөкмөт уюмдардын сөз эркиндигин кысуу аракети жүрүүдө


Мындай пикирин “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Жалалабаттагы “Справедливость” коомдук уюмунун “Укук –бардыгына” деп аталган маалыматтык басылмасынын “Түштүккыргызцемент” ишканасынын жетекчилиги тарабынан сотко берилиши басылма аркылуу карапайым элдин укугун коргогон бейөкмөт уюмдун ишине тоскоолдук кылуу болуп эсептелет. “Аталган уюмдун “Укук –бардыгына” маалыматтык басылмасы кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жарык көрүп, карапайым калктын, өзгөчө алыскы элет жериндеги элге укуктук жактан маалымат жеткирип, агартуу ишин аркалап келе жаткан. Бул айрым жергиликтүү жана жогорку бийлик ээлерине жакпай атат,” деген укук коргоочу басма сөз эркиндигине басым жасоо бүтүп, эми бейөкмөт уюмдардын сөз эркиндигин кысуу аракеттери жүрүп жаткандыгын белгиледи.
“Справедливость” коомдук уюмунун “Укук –бардыгына” деп аталган ай сайын жарык көрүүчү маалыматтык басылмасын Кызылкыя шаарындагы “Түштүккыргызцементи” ишканасынын жетекчиси Ян Фишер сотко берген. Ал басылманын июнь айындагы санына жарыяланган “Жумуш канча турат же отсуз түтүн болбойт” деген макалада заводдун жетекчилигине “жалган жалаа жабылган” деп эсептеп, басылмадан 1 млн сом өндүрүп берүүнү жана анын редактору Абдымомун Мамыраимов менен макаланы жазган журналист Рамиль Гидиятуллинди кылмыш жообуна тартууну талап кылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG