1-августка карата өлкөдө 291 миң гектар айдоо аянттан эгин жыйналып алынды. Бул былтыр ушул маалга салыштырмалуу 30,7 миң гектарга көп. Ош облусун албаганда түшүмдүүлүк бир катар аймактарда арбын жана ал 0,7 пайызды түзөт, деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы. (EBM)