Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

14:05 Президент Курманбек Бакиев 1-сентябрга карата жаңы мектептер толук колдонууга берилүүгө тийиштигин белгиледи


Мамлекет башчы бүгүнкү жумушчу жыйында жаңы окуу жылына карата даярдыкты көзөмөлгө алууну, мектептерди каржылоо жана керектүү жабдыктар, окуу китептери менен камсыздоону президенттик администрациянын кызматкерлерине тапшырды. Ал ошондой эле ачылышы ушул жылга максатталган жаңы мектептерди убагында ишке киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG