Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Бээжиндеги демонстрация таратылды


Кытайда башкаала Бээжиндин тургундарынын борбордук Тянамен аянтына жакын жердеги демонстрациясы полиция тарабынан таратылды. Мамлекеттик Синхуа жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, чогулгандар алардын турак-жайларынын буздурулганы үчүн өкмөт тарабынан берилген жардамга канаатанбаганын билдиришти. Демонстрация учурунда эч кандай зордук–зомбулук орун алган жок, демонстранттардын чет элдик кабарчылар менен сүйлөшүүсүнө жол берилди. Ал эми маалыматтарга караганда кечээ өлкөнүн Шинжаң –уйгур автоном районунун Кашгар шаарында полиция бекетине граната менен кол салуудан он алты полициячы каза таап, дагы ушунчасы жарадар болгон. Кол салган эки адам кармалганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG