Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:26

Индия Ооганстанга кошумча 450 миллион доллар жардам убада кылды


Бул тууралуу ооган президенти Хамид Карзайдын Индиядагы сапары учурунда кечээ жарыяланды. Быйыл жыл башында эле Индия Ооганстанга 750 миллион доллардык жардам убада кылган. Кечээ айтылган 450 миллион доллар ага кошумча болмокчу. Маалыматтарга караганда, ооган президенти Хамид Карзай менен Индиянын премьер-министри Манмохан Сингхтин жолугушуусунда Ооганстанда иштеп жаткан индиялык жумушчулардын коопсуздугу да талкууланды. Өткөн айда Индиянын Кабулдагы элчилигиндеги жардырууудан 58 адам анын ичинде индиялык эки дипломат каза тапкан. Индия да, Ооганстан да бул кол салуунун артында турганы үчүн Пакистандын чалгын кызматтарынын бирин айыпташкан.

XS
SM
MD
LG