КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык статистикалык комитети 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча алгачкы жыйынтыктарды жарыялады. Ага ылайык КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жай өндүрүшү быйыл былтыркыга салыштырмалуу жалпысынан 6 %га өсүп, ички дүң продукт боюнча көрсөткүчтөр дээрлик 8%-га көбөйгөн. Ал эми инфляциялык өсүш боюнча алдыга чыккан өлкөлөр тизмесин быйыл Украина (15,5 %) менен Кыргызстан(15,2) жетектөөдө. Эл аралык статистикалык комитет экономикалык жааттагы жарым жылдык жыйынтыктарды чыгарууда Грузия,Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрү жетиштүү маалыматтык колдоо көрсөтө албаганын белгилейт. (EK)