Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

10:35 Наркобизнес менен күрөш башкармалыгынын жетекчи орун басарын атып кетишти


Ички иштер министрлигине караштуу Наркобизнес менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчи орун басары 39–жаштагы Анвар Алиевди кечээ үйүнө кире бериште атып кетишти. Окуя 4-августта кечке жуук Сүюнбаев атындагы көчөдө орун алган. Маркум үйүнүн жанындагы автобекеттен чыгып баратканда куралчан белгисиз адам ага ок ачып, качып кеткен. Алиевдин өлүмүнө анын кесиптик иши себепкер деп жоромолдонууда. (EK)

XS
SM
MD
LG