Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

11:10 ИИМ: АКШ жарандары жашаган үйдөн көп өлчөмдөгү курал табылды


ИИМ маалыматы боюнча кечээ Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы эл ичинде “Царское село” деп айтылып жүргөн “Ынтымак” жаңы конушундагы бир үйдөн өтө көп өлчөмдөгү курал жарак табылган. Үй 66 жаштагы кыргызстандык жаран Б. Үтүровго тиешелүү болгону менен анда АКШ жарандары ижарага алып, жашап жатышкан, деп билдирет басма сөз кызматы. ИИМдин “Арсенал” деп аталган атайын операциясынын негизинде бул үйдөн оптикалык мээлегичтери менен түн ичинде көрө турган жабдыктары менен кошо 6 ири калибрлүү пулемот; 5,56 мм калибрлүү 25 автомат; 12 калибрлүү “Мосвега” үлгүсүндөгү 2 винчестер; ири калибрлүү пулемоттун 4 стволу; коргогуч түстөгү оптикалык мээлегичи бар 4 снайпердик винтовка; 9 мм калибрлүү “Беретта” үлгүсүндөгү 6 тапанча; 1 винтовка, эки бычак жана бир нече таңгак октор табылган.
Ошол учурда бул үйдө АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин дипломаттык иммунитети бар 10 кызматкери, Кыргызстандагы күч органдарынын атайын кызматкерлерин машыктыруу үчүн келгендигин билдиришкен америкалык 10 аскер кызматкери болгон. Булардын баарынын аты-жөнү, өздүгү такталууда, деп кабарлайт ИИМ маалымат кызматы.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул маалымат боюнча тактоо иштери жүрүп жаткандыгын гана “Азаттыкка” билдиришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG