Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

15:00 Мирослав Ниязов: Курал-жарактар өлкөгө атайын кызматтардын уруксаты менен гана апкирилет


Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун “Азаттыктын” кабарчысына айткан сөзү боюнча АКШ жарандары жашаган үйдөн табылган курал-жарак ар кандай окутуп-үйрөтүү иштерин жүргүзүү үчүн апкелиниши –толук ыктымал. “Бул куралдар Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө алып кириле албайт. Анткени ал үчүн атайын кызматтардын уруксаты, каттоосу менен гана жүргүзүлөт. Алар атайын окутуп-үйрөтүү иштерине келгенбиз десе, анда ошондой эле болушу ыктымал. Коопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси катары айта алам, күч структураларын терроризмге каршы күрөшүүгө үйрөтүүчү биргелешкен окуулар буга чейин деле болуп келген. Ал эми куралдар салыштыруу үчүн, офицерлердин аларды колдоно билүү деңгээлин текшерүү үчүн кереги бар. ИИМ тарабынан жасалган бул иш кантсе да жагымсыз иш болду, бирок эртели-кечпи бул ишке жооп табылат. Бул жерде Кыргызстандын күч структуралары чогуулап иш алып бара албаганы көрүнүп турат, бул жолу да милицияны уят кылып коюшпаса болду,” дейт Мирослав Ниязов.
Бүгүн КР ИИМ маалымат таратып, АКШ жарандары жашаган үйдөн көп өлчөмдөгү курал-жарак табылгандыгын, бул үйдө Кыргызстандагы АКШ элчилигинин дипломаттык иммунитети бар бир нече кызматкерлери жана 10 чакты аскер кызматкерлери болгондугун кабарлаган. Көп өтпөй АКШ элчилиги бул куралдар Кыргызстандын күч структураларынын бирин терроризмге каршы күрөшүүгө үйрөтүү үчүн кыргыз өкмөтүнүн уруксаты менен апкелингендигин маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG