Буштун сапары алдында Түштүк Кореяда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Миңдеген полициячылар Сеул шаарында жайгаштырылды. Жети күндүк Азия өлкөлөрүнө сапары учурунда президент Буш 6-августта Тайландга, 7-августта Кытайга жол тартмакчы. Ал эми 8-августта Жорж Буш Бээжинде Олимпиада оюндарынын ачылышына катышары күтүлүүдө.