Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Иран өзөктүк программасы боюнча жооп берди


Кабарларга караганда, Иран дүйнөлүк ири мамлекеттерге өзүнүн өзөктүк программасынын тегерегиндеги чатакты чечүү жолдорун сунуш кылды. Жарым-жартылай расмий деп эсептелген Фарс кабар агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Брюсселдеги элчиси мындай сунушту Евробиримдиктин өкүлдөрүнө тапшырган. Азырынча бул тууралуу толук маалыматтар чыга элек. Британия, Германия, Кытай, Орусия, АКШ жана Франция эгерде расмий Тегеран уранды байытуу иштерин токтотсо, анын ордуна экономикалык жана саясий жеңилдик көрсөтүүнү убада кылышкан. АКШ эгерде Иран өзөктүк программасынан баш тартпаса, катаал чектөөлөрдү киргизерин эскертип келет.

XS
SM
MD
LG