Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Орусияда бүгүн Александр Солженицынди акыркы сапарга узатуу тажыясы өткөрүлөт


Көрүнүктүү жазуучунун сөөгү Москвадагы Донской монастырынын көрүстөнүнө коюлмакчы. Коомчулуктун маркум менен коштошуу зыйнаты кечээ Орусиянын Илимдер академиясынын Москвадагы имаратында болду. Орусиянын адабий алпы, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты 89 жаш курагында, 4-августка караган түнү дүйнөдөн өткөн. Александр Солженицын көптөгөн романдар менен повесттердин, көркөм чыгармалардын автору. Алардын эң белгилүүлөрүнүн бири – сталиндик лагерлер тууралуу чындыкты баяндаган "Архипелаг Гулаг". Ал 1974 –жылы СССРдин жарандыгынан кол жууп, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон. Орусияга Солженицын кайра жыйырма жылдан соң 1994-жылы кайтып келген болчу.

XS
SM
MD
LG