Бул тууралуу “Азаттыкка” миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинен билдиришти. Учурда катталган жумушсуздардын саны эки жүз жетимиш миң. Жумушсуздук денгээли 11 пайыздын тегеригинде. Өзгөчо Бишкек шаары, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында бул көрсөткүч жогору. Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинде 106,4 миң ишсиз каттоодо турат. Алардын алтымыш пайызы элеттиктер жана жарымынан көбү жаштар. (AiJu)