Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Ишенгүл Болжурова министрликтин отурумунда билдирди. Анын айтымында, ушул тапта министрликтин штабы билим берүү мекемелерин жылуулук менен камсыз кылуу боюнча атайын программаны иштеп чыккан. Ал боюнча, мектептерди электр кубатынан башка жолдор менен жылытуу маселеси каралууда. Министр айым жогорку окуу жайлары дагы акырындап башка, мисалы көмүр менен жылытуу системасына өтөөрүн айтты. (AiJu)