Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

17:12 Президент митинг,жүрүштөрдү өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду


Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, президент бул мыйзам боюнча өкмөт, Акыйкатчы, ЕККУ жана бейөкмөт уюмдар жиберген кайрылууларды карап көрүүнү өкмөткө жиберди. Анткени, ал кайрылууларда мыйзам жарандардын өз көз карашын эркин билдирүү укугун чектейт деп айтылган болчу. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова бул мыйзам тынч митинг, жыйындарды өткөрүүгө чектөө салган Бишкек шаар кеңешинин токтомунан да ашкан мыйзам жана ал милиция менен коомчулуктун ортосундагы карама-каршылыкты күчөтүп, жалпы коомчулуктун нааразалыгын курчутат деп билдирди. Анын айтымында, кыргыз бийлиги бул мыйзамды кабыл алуу менен демократиялык принциптерден артка чегинип, адам укуктарын басмырлаган өлкөгө айланат. (BD)

XS
SM
MD
LG