Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка" президент Курманбек Бакиевдин митинг,жүрүштөрдү өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койгону авторитаризмге жол ачты деп билдирди. Анын айтымында, эми жарандар өз оюн ачык айтуу, өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн куру калышты жана өлкөдө тоталитардык система орной турган болду. Кыргызстан адам укугун жана баш мыйзамды сыйлаган өлкө болушу керек, ошон үчүн укук коргоочулар бул мыйзам менен күрөшүүнү колго алат”,-деди Т.Исмаилова. (AiJu)