Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

10:10 Кыргызстан 2014-жылдан тарта Пакистанга электр кубатын сатат


Ага негиз берген макулдашуу төрт мамлекет-Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын ортосунда Исламабадда кол коюлду. Макулдашуунун негизинде Кыргызстан менен Тажикстан Пакистан жана Ооганстанга жылына 1300 мегаватт саат электр кубатын сата баштайт. Энергетика, өнөр жай министринин орун басары Акылбек Түмөнбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча бирок ал 2013-2014-жылдардан тарта ишке ашат. Ал үчүн Кыргызстан түштүктөгү “Датка” деген 500 киловольттук подстанцияны жана Кемин подстанциясын куруп,түндүк менен түштүктү туташтырган электр ташуучу дагы бир ири тармакты салуу керек. Ага электр энергия азыр курулуп жаткан Камбарата-2 ГЭСинен алынат деп белгиленүүдө.(BD)

XS
SM
MD
LG