Кыргызстандык спортсмен алтымыш килограммга чейинки салмактагы боксерлор менен мелдешет. Кыргызстандын Олимпиадалык даярдык боюнча комитетинин маалыматына караганда алгачкы таймаш Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат он жарымда болот. Асылбек Таласбаев - Кыргызстандын азыркы чемпиону, эл аралык бокс чебери. Бээжин-2008 Олимп оюндары эртең, 8-августта башталат. (EBM)