Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

17:10 Нарында күндөлүк керектелчү азык-түлүктөрдүн баасы 165 пайызга кымбаттады


Жыл башынан бери Нарын шаарында ун жана нан азыктары 147 пайызга, суу май 136, кумшекер 114, эгин 165 пайызга чейин кымбаттаган. Күйүүчү майлардын наркы 158 пайызга дейре көтөрүлгөн. Мындай маалыматты Нарын облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Сапарбек Жапаров атайын жыйында билдирди. Облустук акимчиликтин аппарат жетекчиси Аскат Апсаматов баалардын тынымсыз өсүп жаткандыгынын негизги себептерин аныктоодо облакимчиликтин экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн иш аракеттери канаттандырарлык эмес деп баалады жана базарлардагы, ири соода түйүндөрүндөгү бааны каалагандай көтөргөндөр менен аесуз күрөш жүргүзүлөөрүн шардана кылды. (KUs)

XS
SM
MD
LG