Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Олимпиада-2008: Олимпиада отунун жыйынтыктоочу эстафетасы өттү


Кытайда Олимпиадалык оюндардын ачылыш салтанатына бир күн калганда Олимпиада отунун жыйынтыктоочу эстафетасы өттү. Эстафетанын катышуучулары Олимпиада отун Улуу Кытай дубалы аркылуу алып өтүштү. Аларды жүздөгөн адамдардар тосуп алышты. Улуу Кытай дубалы ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кирет. Дубалдын курулушу биздин заманга чейинки 220-жылы Кытайдагы алгачкы бүткүл кытайлык Цин сулалеси учурунда курула баштап, 14-кылымда Миңг сулалесинин доорунда кайра чыңдалган. Улуу Кытай дубалы көчмөн басып алуучуларды шаарларга киргизбөө максатында курулган, кийинчерээк өлкөнүн ички аймагында калган.

Зейнеп Мартбек кызы, Прага

XS
SM
MD
LG