Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Косоводогу башаламандыктар талкууланды


Орусия жана Британия шаршемби күнү Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында март айында Косовонун сербдер жайгашкан Косовска Митровица шаарында орун алган башаламандыктар тууралуу бир пикирге келе алган жок. Анда полиция менен митингчилердин кагылышуусунан улам бир украин полициячысы набыт болгон. Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин ошол кезде БУУнун Косового өз миссиясын жөнөтүү чечимин “эч кандай уруксатсыз чечим” катары сыпаттады. Британиянын өкүлү Карен Пирс болсо, БУУнун Косоводогу миссиясы “мыкты иштегенин” айтты. Февралда Косово Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаганда сербдердин тобу тополоң уюштурган болчу.

XS
SM
MD
LG